Коом

Борбор калаада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн музыкалык борбор ачылды image Фото: www

4 Июнь, 2018 805

Бишкекте 3 жаштан 20 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн музыкалык борбор ачылды. Анда балдар дарыгердин жолдомосу менен акысыз музыка боюнча билим алат. 

Мындан сырткары “Мүрөк”  деп аталган бул өнүктүрүү жана чыгармачыл борборундо  пенсия жашындагылар акысыз гимнастиканын түрлөрү менен машыкса болот. Аталган борбор жалпы 80 кишиге ылайыкталып 10 мугалим эмгектенет. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

 Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз