Бишкек: Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева кылтакка түштү image Фото: http://static.akipress.org/

25 Март, 2016 1045

Бишкек шаардык  ички  иштер  башкармалыгынын  жол-кайгуул  кызматынын   жетекчиси Зумрад  Жанабаева камакка  алынды.  Башкы көзөмөл  орган   Жанабаевага  “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу “ беренеси боюнча айып коюуда.  Коомчулукту тартипке чакыра турган ички иштер  органдарынын кызматкерлеринин  мындай жолго баруусун  коомчулук сынга алууда. Мындан улам  бул органды “тазалоону” сунуштагандар да четтен чыгууда.     

Бишкек шаардык   жол-кайгуул  кызматынын   башчысы Зумрад Жанабаева шаардык ички иштер башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.   Башкы прокуратуранын  маалымат  кызматкери Нурлан Тагаевдин белгилешинче,  Зумрад Жанабаеванын кармалышына    анын жасалма документке  кол койгондугу себеп болгон.  Анын негизинде, кызматтык  абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып жатат . 

Н.Тагаев: Жанабаеванын кармалышынын себеби,   былтыр  декабрь айында Жол кайгуул кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата  "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди  жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.  Аталган инспектор Жанабаеванын буйругу менен  2015-жылдын 6-ноябрында кызматтан алынган. Бирок текшерүү учурунда журналда  инспектор 6-7-ноябрда табелдик курал алып, кезметке чыкканы белгилүү болгон. 

Күч  органдарынын  кызматкерлеринин  коомдук жайларда  чуу жараткан окуялары көп эле катталат . Жогорудагы фактыга кириптер кылган спирт ичимдиктерин ичип алып,  аварияга кабылган фактылар да  аз  эмес  дейт жарандык коомдун өкулү Калича Умуралиева .

Умуралиева: Жалпы эле укук коргоо  органдары таза иштеш керек да. Алар кандай иштесе коомчулукта да ар кандай  ойлор пайда болот. Ошондуктан  тазалануу  керек.

Мындай көрүнуштөрдүн  катталышы  жоопкерчиликтин  жоктугунан кабар берет. Мындай оюн ортого салган талдоочу Токтогул Какчекеев,   күч органдарынын   айрым  бир  кызматкерлеринин  өз милдеттерин  так аткарбагындыгын белгилейт.

Какчекеев: Тартипти эч ким сактабайт.  Бул эмнеден келип чыгат. Анткени,  бул  кызматка  аскерде кызмат өтпөгөн, бул  система эмне экендигин билбеген , “таянган тоосу” барлар келип алып, натыйжада  тарип сакталбай, жыйынтыгы ушундай аяктап жатат да. 

 “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу “ беренеси жалпы эле мамлекеттик  кызматтагы адамдар үчүн  оор кылмыш болуп саналат. Андыктан, бул ишке акыркы  бүтүмду сот  органдары чыгара  тургандыгын ЖКтин депутаты Мирлан Жээнчороев белгилейт.

 М. Жээнчороев: Милиция болобу, прокуратурабы  же башка күч органынын кызматкериби – булардын бардыгы  мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Алар  өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн баргандар болот. Эгерде ошол берген кызматтык абалды  кыянаттык  менен пайдаланса, анда  ал бир берене менен белгиленген кылмыш жаза  кодекси боюнча  жоопкерчиликке тартылат.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын жетекчиси  Зумрад  Жанабаева мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалып, камакка алынган.  Башкы  прокуратура  ага  “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  беренеси боюнча айып тагып жатат.  Жанабаева  жол  кайгуул  кызматынын башчылыгына 2014-жылдын  ноябрь айында дайындалган.

Г.Усенова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз