Кырсык

Нарында жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду image Фото: www

19 Июнь, 2018 3142

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Миң-Булак айылынын аймагында 18-июнда, кечинде катталган. 

Түнкү 11лер чамасында ар кандай жаракаттар менен 8 адам Нарын облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Алардын экөөсү беш жаштагы балдар. 49 жаштагы аял тез жардам келгенге чейин кырсык болгон жерден жан берген. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз