Science and Education

100 кг жүктү көтөрө алган квадрокоптер коомчулуктун назарына сунушталды image

28 Март, 2016 476

Илимий жетишкендиктер, инновациялык жабдыктар адам жашоосун өзгөртүүдө. Алсак айдоочусуз авто унаалар чыгып, компьютер менен башкарууга болгон хирургиялык аспаптар дарыгерлерди кубандырууда.  

Кытайда биринчи жолу адамды же 100 кг жүктү көтөрө алган квадрокоптер коомчулуктун назарына сунушталды. Эгер буга чейин мындай жабдык сүрөт же видео тартканга колдонулуп келсе, эми жүк ташып кызмат көрсөтө алат. Жабдыктын салмагы 200 киллограм, электр тогу менен кубатталып 35 чакырымга чейин уча алат. Жабдык абага  500 метр бийиктике көтөрүлүп, саатына 100 чакырым ылдамдык багындырууга мүмкүнчүлүгү жетет.

Аны Ehang (Эхаңг) компаниясы иштеп чыккан. Инженерлердин айтымында аны 3-4 сат аралыгында электр тогу мен кубатап алса болот.  Анын тышкы жасалгасына космонавтикалык өнөр-жайындагы тетиктер колдонулган. Жыл аягында 20 миң АКШ доллар баасында сатыкка чыгарыла баштайт.

.Американын Пардью Университетинин  окумуштуулар белок диетасы адамдын уйкусун жакшыртаарын аныктап чыгышты. Изилдөөгө ашыкча салмак менен жабыркагандар катышкан. Аларды атайын топторго бөлүп, ар бир топтун жеген тамагынын курамдарын ар башка кылып беришкен. Катышуучулардын жаш курагы 50 жаштан 59 жашка чейин болуп, Биринчи топко белокко бай келген гана азыктар берилген. Жыйынтыгында алардын уйкусу жакшырган. Ал эми экинчи топ болсо адаттагыдай тамак менен тамактанган.  Салыштырмалуу белоктук диета кармаган адамдардын уйкусу жакшырган.

Искусстволук же жасалма интелекттердин жараткан чыгармалары адабий сынактарга катыша баштады.

 Искусстволук же жасалма интелект-бул илим жана технология жардамы менен жасалган интелектуалдык машиналар  мисалга интелектуалдык компьютердик программалар.

Япониянын Хакодат шаарында жайгашкан университеттин окумуштуулары  өздөрүнүн жетишкендиктерин кубануу менен кабарлашууда. Анткени алардын иштеп чыккан  жасалма интелегинин жазган  повести Хоши Шиничи атындагы  адабий сынакка өтүп, катышууга уруксат берилди.

Роботту чыгарма жаздыруу алдында ага кайсы сөздөрдү колдонууга жана колдонбоо керектиги көрсөтүлгөн. Андан сырткары башкы каармандын эркек же аял экендиги маалымдалган. Мына бул маалыматтар менен окурманга кызыктуу жана өзгөчө кылып жазуу тапшырмасы берилген.

Жыйынтыгында дүйнө жүзүндө биринчи жолу искусствалык интеллект же жасалма интелект менен жазылган чыгарма пайда болду. Сынакка бир жарым миңге жакын автордун эмгеги катышкан. Калыстар кээ бир чыгармалар адамдар же жасалма интелект жазгандыгын байкаган эмес. Окумуштуулар келечектер роботтор чыгармачылыктын  башка түрлөрү менен ат салыша ала тургандыгын белгилешүүдө.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз