Society

Кыргызстандын муфтияты Курман айттын болжолдуу датасын айтты image Фото: www

20 Июнь, 2018 1113

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айттын болжолдуу датасын айтты. Курман айт орозонун аякташы менен 70 күндөн кийин белгиленет. 

Ага ылайык, быйыл Курман айт 21-августка туш келиши мүмкүн. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айтка жакындаганда так датасы аныктала турганын билдирди. 

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 14-июнда аяктап, 15-июнда Орозо айт белгиленди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз