Маданият

Күрддөрдүн «Мидия» коомдук бирикмеси маданий иш- чара өткөрдү image

28 Март, 2016 451

Кечээ Кыргызстанда жашаган  Күрддөрдүн « Мидия» коомдук бирикмеси КР толеранттуулукту бекемдөөдө күрддөрдүн орду деген маданий  иш- чара өткөрдү. Ага Кыргызстан элинин  ассамблеясына мүчө бир нече улуттардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер  катышты. 

 Иш - чарада күрддөрдүн Кыргызстанга көчүп келүү тарыхынан  чагылдырган сүрөттөр, адабий чыгармалары, чеберчилик менен жасалган үй буюмдары, кооз кумаралар, улуттук тамак- аштын  түрү коюлган.  Бир сөз менен айтканда күрд элинин маданий мурастары көрсөтүлдү. Мындай иш чаралар улуттар оротсунда ынтымакты бекемдейт деп белгилейт кыргыз жана күрд эли достук коомунун президенти  Сухадин Касымов.

2013- жылы КР президенттин жарлыгынын негизинде КР элдин биримдигин жана  этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясы кабыл алынган. Бул иш -чара концепцияны ишке ашыруунун бир багыты болуп саналат. Ага ылайык  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги  атайын сынактын негизинде Гранттык каражаттарды бөлгөн. Күрддөрдүн «Мидия» коомдук бирикмеси долбоор жазуунун негизинде гранттык каражат утуп алган. Буга чейин өздөрү  жыш отурукташкан жерлерде маданий мурастарын сактап өнүктүрүү багытында бир катар иш- чараларды  өткөрүп келишкенин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси  Замир  Аманкалиев кабарлады.

Күрддөрдүн  тарыхы, маданияты, чарбасы менен таанышууга коомдук ишмерлер,  Кыргызстан эли ассамблеясына караштуу диаспоралардын өкүлдөрү келишкен. Уйгурлар, татардар , түрктөр, тажиктер жана дунгандар  өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган бурч даярдашты. Бул үн кошуунун, кубаттоонун белгиси . Кыргызстан эли ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурибраимов  мындай маанайдагы иш- чаралардын өтүп турушу улуттар ортосундагы ынтымакты арттырат деп билдирди.

 Кыргызстанга күрддөр 1937- жылдары  Сталиндик репрессиянын убагында көчүп келишкен.  Басымдуу бөлүгү, Чүй жана  Талас областарында отрукташкан. Күрддөр  1992- жылы улуттук биримдигин түзүп, кийин Кыргызстан эли ассамблеясын  уюуштурууда демилгечи улуттардын бири катары катышкан.  «Мидия» бирикмеси күрд тилин, маданиятын, улуттук каада салты менен исскуствосун сактап өнүктүрүүнү көздөйт.

Н. Молдокулова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз