Sports

Тажикстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Эргашев ооруканага жаткырылды image

28 Март, 2016 319

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Мубин Эргашев Душанбе шаарынын Улуттук медицина борборуна жаткырылды.

Тажикстандын футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, Австралиядан келери менен тажикстандык футболчулар Кыргызстан менен болуучу оюнга даярдыктарын баштаган.

"Тилекке каршы, машыгууларга башкы машыктыруучу Мубин Эргашев катышкан жок. Анткени анын ден соолугунда көйгөйлөр жаралды. Дарыгерлер ага футболдон алыс болуп турууну жана тезинен ооруканага жатууну сунушташты", - деп айтылат маалыматта.

Эргашевдин оорусунан улам Орусияда 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын "В" зонасындагы тандоо турунун Кыргызстан менен болуучу акыркы беттешинде Тажикстандын командасын машыктыруучу Роман Пилипчук жетектейт. Украиналык адис матч алдындагы маалымат жыйынга катышат.

Эске салсак, 24-мартта Тажикстандын курамасы Австралияга 7:0 эсебинде утулган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз