Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди image Фото: gov.kg

28 Март, 2016 418

Президент Алмазбек Атамбаев «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Максаты - КРнын ченемдик-укуктук актыларын Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоо алкагында атмосфералык абаны коргоо жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз