Society

Күндүн темасы: Эл аралык алкакта Кыргызстандын коопсуздугу image Фото: Элнура Нурдин кызы

26 Июнь, 2018 1530

Россия Кантагы авиабазасын кеңейтүүгө  кызыгат. База Кыргызстандын түштүк аймагын да камтышы ыктымал. Мындай пикирин Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин Бишкекте кыргыз-орус аскердик кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйында билдирген. 


Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекеттерде оор кырдаалдын кесепеттери, ошондой эле дүйнөлүк  алкакта коопсуздукка байланышкан маселелер Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга тийиши мүмкүнбү? Аны алдын алууда кубаттуу мамлекеттер менен коопсуздук жана аскерий кызматташуулар жардам береби? 


Диний-экстремисттик, террористтик аракеттерди алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө Кыргызстан эл аралык денгээлде жана аймактык кызыкчылыкта алып бара турган багыты кандай болот? Адамзат жашоосундагы  ар кыл согуштук коркунучтар, конфликттерге каршы турууга биздин мамлекеттин коргонуу потенциалы жетеби?


Уктурууга коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Раззаков жана КР Куралдуу Күчтөрүнүнүн генералдык штабынын эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы, полковник Караев Улукбек Токтобаевич катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз