Спорт

Урмат Рыскелдиев биринчи жеңилүү ызасын тартты image Фото: http://static.akipress.org/

28 Март, 2016 402

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингкте биринчи жеңилүү ызасын тартты. Беттеш 20 миң күйөрман батчу “Оракл Аренада” өттү. Атаандашы АКШлык Арон Кулини жеңүүгө Рыскелдиевдин дарманы жетпеди. Беттеш 6 раунддан туруп, 3 мүнөттүк таймашуу менен уланды. Жыйынтыгында мекендешибиз упай катыштыгында утулуп калды.

 Маалым кыла кетсек, Урмат Рыскелдиев профессионалдык  рингкте 10 беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн жеңип, экөөсүндө тең чыгып, ал эми акыркы беттешинде утулуп калды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз