Кырсык

Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду image Фото: www

2 Июль, 2018 4428

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарына жакын жайгашкан айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Андан 2 киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, «Mazda» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келе жаткан «Hyundai Porter» унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 43 жаштагы аял жана анын күйөөсү каза болгон. Алардын 4 жаштагы баласы жаракат алып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз