Коом

Бишкектеги бак-дарактар каттоого алынат image Фото: www.likado.ru

28 Март, 2016 1559

 Бул максатта өзгөчө кырдаалдар министрлиги, мэрия  жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган  комиссия  иштей баштады.  Эске салсак, кечээ күнү борбор калаадагы №2 мектептин  жанында бак кулап, бир адамдын өмүрү кыйылды. 

27-март күнү  кечки саат  жетилер  чамасында  Бишкектеги  Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде  бак  кулап, эки машинаны басып калган.  Окуя №2 мектептин маңдайында болгон, бул тууралуу   ошол  жерде  болгон  күбөлөрдүн бири мындай дейт:

-Чоң жүк  ташуучу машина өткөн, аны Кудай сактады.   Ал эми аркасында келе жаткан Хондага  жаман болду.  Аны талкалап салды.  Бул саат 7де болду, терек кулап түштү.  4-кабатка дейре түтүн каптады. 3 мүнөттүн ичинде эле  өзгөчө кырдаалдар министрлиги, тез жардам,  мэриядан келишти. Мунун бардыгына мэрия   жана жашылдандыруу ишканасы   күнөөлүү, жөн гана туш келди дарактарды кыйышат. Кайсынысы чирик, кайсынсы таза экенин карашпайт. 

Бак жолдун жээгинде токтоп турган Toyota Camry жана жолдо  кетип  бараткан Toyota Estima унаасына  кулаган.  Натыйжада, өтүп бараткан машинанын 37 жаштагы айдоочусу каза болгон.  Учурда  кырсыктан  каза  болгон  маркумдун сөөгүн жерге  берүүгө  мэрия  жардам көрсөтүп жаткандыгын  муниципалитеттин маалымат кызматкери Гуля Алмамбетова  айтты:

Бул 79-жылы туулган, жаңы конуштардын биринде турган жаран экен. Мэрия  сөөгүн коюуга жардам берип жатат. Ал эми бакты кыйганда адистер , ал бактын чирибегендигин  аныкташты.  Мындан  улам аны куурап  калган деп айтууга болбойт, эми бул боюнча комиссия иштеп жатат.

Мындай окуя Бишкекте биринчи жолу катталган жок. Өткөн жылы  эле  Москва жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде  бак кулап, 60 жаштагы  шаар тургунунун  өмүрүн алып кеткен.  Июнь айында  катуу шамалдан  борбор калаадагы  көчөлөрдө  дарактар кулап, электр зымдары үзүлгөн, айрым мекемелердин жана турак-үйлөрдүн  чатырларын  учурган.   Дагы  бир  окуя   былтыр  ГЭС-5 те  катталып,  анда  бак 13  жаштагы  кызды  басып  калып, натыйжада ал эс-учуна келбей  жарык дүйнө менен кош айтышкан.  

27-марттан кийинки  окуядан соң , Бишкек мэри   борбор калаадагы  бак-дарактардын эсебин алуу тапшырмасын берди. Учурда  бул боюнча  түзүлгөн  атайын комиссия ишин баштады.  Эми  алар  ар  бир  бакты  каттоого ала  баштады.

Адистердин айтуусунда,  шаардагы бак-дарактардын  көпчулүгү   50-60-жылдары   тигилген.  Азыркы тапта, болжол менен  202 миң бак - даракты  каттап, иликтөө милдети турат.

Г.Усенова, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз