Коом

Учакта төрөлгөн ымыракайдын ден соолугу канаатандыраарлык image Фото: www

9 Июль, 2018 1059

Абада көз жарып, учакта жарык дүйнөгө келген эне-баланын ден соолуктары канаатандыраарлык. Алар бүгүн эртең менен Ош шаардык перинаталдык борборунан өз үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы билдирди. 

Эске салсак, 7-июлда таңкы төрттөгү Ош - Екатеринбург аба каттамы аркылуу учуп бара жаткан учакта Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну, бирок убактылуу Екатеринбург шаарында жашап жаткан кош бойлуу келин учакта көз жарган. Бортту коштоп бара жаткандар келиндин төрөтүн кабыл алышкан. 

Бирок, экипаж абага көтөрүлгөн жарым саат убакыттан кийин, эне-баланын ден соолугу үчүн "Ош" аба майданына кайтууга мажбур болгон. Бул учурда аларды медициналык тез жардам унаасы күтүп алып, шаардык төрөт үйүнө жеткирген. Ымыркай ай күнүнө жетип төрөлгөн. Бою 47 см, салмагы 2 кг 600 грамм.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз