Экология

Суу ресурсун сактап калуу үчүн коплекстүү аракеттер талап кылынат image

28 Март, 2016 642

Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул багытта өкмөткө бир катар сунуштарды берди. “Кумтөр” кенинин мөңгүлөргө карата таасирин изилдеген эксперттик комиссия  бүгүнкү абалга табигый шарттын да кесепети тийгенин белгилейт. 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети көз карандысыз адистерден турган эксперттик комиссиянын корутундусун укту. 

Былтыр жайында парламентте “суу кодексине” өзгөртүү киргизүү маселеси талкууга түшүп, мөңгүлөрдү жылдыруу менен алтын казууга уруксаат берүү аларды жоготууга барабар экени белгиленген. Айрым эл өкүлдөрү “Кумтөрдөн” түшкөн кирешеден да, мөңгүнү жоготуунун көлөмү жогору болуп жатканын айтышкан эле.  Атайын түзүлгөн эксперттик комиссия мөңгүлөрдүн кыскарышына кен казуунун кесепетинен да, дүйнөдө болуп жаткан табияттын өзгөрүүсүнүн өлчөмү көбүрөөк деген корутунду чыгарууда. Бул, алтын казып алынбаса да мөңгү кыскара берет дегенди билдирет.  

Жыйында “Кумтөрдү” иштетүүдөгү экологиялык жоготуу гана эмес, мөңгүлөргө байланыштуу бардык маселелер талкууланды. Окумуштууларда сунуштар арбын. Жыйынга катышкан илимпоздордун бири Муратаалы Дүйшөнакунов изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жетиштүү көңүл бөлүнүп, тиешелүү шарттар түзүлүшү керек экенин айтат.

Эксперттик комиссия 2015-жылдын июнь айында түзүлгөн. Анын мүчөлөрү айткан жүйөөлөр эске алынып, өкмөткө мөңгүлөрдү коргоо боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү, суулардын деңгээлине ырааттуу байкоо салган гляциологиялык изилдөө борборун түзүү маселесин кароо, суу ресурстарын сактап калуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү сунушталды.  

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз