Илим жана билим

Илимий ачылыштар адамдын азыктануусуна байланыштуу image Фото: internet

29 Март, 2016 5476

Илимий жетишкендиктер, инновациялык жабдыктар адам жашоосун өзгөртүүдө. Алсак айдоочусуз авто унаалар чыгып, компьютер менен башкарууга болгон хирургиялык аспаптар дарыгерлерди кубандырууда. 

Бүгүн биз адам саламатчылыгына байланыштуу илимий ачылыштар ийгиликтүү сыноолор жөнүндө сөз кылабыз.

Түштүк Кореялык окумуштуулар смартфондун жашоого тийгизген терс таасир айтып чыгышууда. Анткени мындай жаңы технологиялар адамдын ден соолугуна жана жумушуна  өз кедергиси тийгизбей койбойт. Мисалга кызматкерлер  түштөнүү убактысында смартфонду колунан түшүрбөйт, бул тез чарчоого алып келет. Ал эми башка кызматкерлер ал убакта башкалар менен маектешип, жакшылап тамактанышат.  

Кореялык адистер жумуш ордунда тез чарчаган кызматкерлерге убакытты үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Алардын айтымында жумуш убактысында адамдар кесиптештери менен баарлашып туруу керек. Мындай абал күчтүү топтоп аткарып жаткан ишин улантууга жардам бере алат.

Окумуштуулардын сөзү курулай болуп калбоо үчүн 400дөн ашык адамдын катышуусунда  атайын сыноо өткөрүшкөн. Анда кызматкерлердин түштөнүү маалында өткөргөн убактысы жөнүндө маалымат толтурулган. Анда аныкталган колунун телефонун түшүрбөй отурган адамдар күндүн экинчи жарымында эле алсырап иштөөгө көңүлү келбей калган. Жыйынтыгында  салыштырмалуу тез шалдырап, өзүн начар сезишкен.

Дагы бир илимий ачылыш Америкалык изилдөөчүлөр эне сүтүн эмген ымыркайлар  кулак инфекциясынан алыс болоорун далилдешүүдө. Кулак инфекциясы  ымыркайдын температурасынын  жогорулашына, табити жоголушуна жана кыймыл-аракет начарлап бала ыйлак боло баштайт.  Мындай кырдаалды эне сүтү алдын алат. Муну америкалык педиатрлар изилдөөлөрдөн кийин билдиришүүдө.

Илимий изилдөөдө Техас университетинин окумуштуулары 2008-2014-жылдар аралыганда төрөлгөн  400дөй баланын кулак жана мурдунан анализ алган.  Анда кулак жана башка инфекциялардын  3 ай жана 6 айга чейинки ымыркайларга бат жуккандыгы аныкталган. Ошондой эле педиатр адистер инфекциядан алыс болууга эмчек эмизүү жакшы коргоо болорун белгилешүүдө. Анткени ымыркайлар мурун жана  кулак өңдүү дем алуу органдары аркылуу инфекция киргизип алат. Ошондой эле тамеки түтүнү дагы ымыркайлар үчүн коркунучтуу.

Окумуштуулар узакка созулган изилдөөлөрдөн кийин адам рационуна балыктын маанилүүлүгүн белгилешүүдө. Анткени балыкты тез-тез жеп туруу адам күч кубаттуу кылып түрдүү илдеттерден алыс кылат. Себеби адамдын организми  балык этиндеги микроэлементтерге муктаж экендигин белгилешүүдө. Адам балыктын курамындагы заттарды башка азыктардан ала албайт. Ошондой эле кан айланууну жакшыртып, жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алат. Анткени анын курамында  темир, марганец жана натрий өңдүү пайдалуу азыктар бар.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз