Спорт

Кыргызстан-Тажикстан беттешин өзбек калыстары тейлейт image Фото: ffkr.kg

29 Март, 2016 733

Футбол боюнча Кыргызстан - Тажикстан беттешин өзбекстандык калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, башкы калыстын милдетин Азиз Асимов аркалайт. Ал эми Руслан Серазитдинов менен Андрей Цапенко каптал калыстары болмокчу. Төртүнчү арбитрдин милдети түркмөнстандык рефер Алибек Сапаевге жүктөлдү. Калыстарга Бахрейнден келген Джассим Мохамед Абдулкарим көзөмөлдүк кылат. Оюндун комиссары ливандык Бачир Чафик Абдул Халек болмокчу. 

Бул беттеш 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан - Тажикстан оюнун КТРК жана “КТРК спорт” каналдары түз алып көрсөтөт. Бүйүрдү кызыткан таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз