Кырсык

Жол кырсыгынан каза болгондор көбөйдү image Фото: www

20 Июль, 2018 2378

Бишкекте акыркы алты айдын ичинде жол кырсыгынын кесепетинен 26 адам каза болгон. Буга себеп айдоочулардын эреже бузушу жана жөө жүргүнчүлөрдүн өз коопсуздугуна болгон кайдыгерлиги. 

Борбордо жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы коомдук транспорт айдоочулары  менен биргеликте жолугушуу өткөрдү. Анда жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана бирге иш алып барууга чакырды.

Гүлмайрам Асылбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз