Коом

М.Абылгазиев : «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек image Фото: www

23 Июль, 2018 772

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун суу менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча  өткөн кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керектигин эскертти.

Учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылып жатат. 

Эске салсак, Кыргызстанда "Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоор ишке киргизилген болчу. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз