Айыл чарба

Быйыл Ысык-Көлдө фасоль айдалат image Фото: http://moidachi.ru/

29 Март, 2016 705

Ысык-Көл облусунда  жазгы айдап себүү өнөктүгүн жогорку деңгээлдеөткөрүү үчүн жергиликүү бийлик менен дыйкандар аракет көрүшүүдө. Себеби өткөнжылы картошканын түшүмү жакшы болгону менен баасы чыкпай дыйкандардын эмгегиакталбай калган. Эми айыл чарбасында  мындай чыгымдар болбошу  керек.  

Ысык-Көл облусунда быйылкы жазгы айдапсебүүгө карата 28 миң гектар  жерге картошка, 57 миң жер аянтына буудай, арпа жана 62 миң гектар жерге көп жылдык чөп себүү планы бекитилди. Бул жылы көлдүк дыйкандар картошканын аянтын азайтышууда. Себеби өткөн жылы картошка  баа болбой, кеткен чыгымын да  актабай калган. Ал эми Ак-Суулуктар  фасоль  себүүгө  камынып жаткандыгын район акими Жолдошбек Байсейитов билдирди.  

Ал арада облус аймагындагы  жүрүп жаткан иштер менен таанышкан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев даярдыктар начар болуп жаткандыгын сынга алды. Айдап себүү өнөктүгүн жогорку деңгээлде өткөрүү, кемчиликтерди жоюу жергиликтүү бийликтин милдети экенин айтты.

Айсулуу Бакыт кызы, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз