"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевди кесиптештери эскерди image Фото: www

23 Июль, 2018 4163

“Азаттык” радиосунун каза болгон журналисти Уланбек Эгизбаевди кесиптештери эскерди. Азаттыктын Бишкектеги кеңсесинде өткөн иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баш болгон өкмөттүн жана  президенттин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-президент Роза Отунбаева, саясатчылар жана журналисттер келишкен.

Журналистин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков да көңүл айтты. Митиңг-реквиемдин катышуучулары Эгизбаевдин жасаган эмгегин эскерип, коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп чыккан дасыккан журналист, өлкөнүн келечегине күйгөн кыргыздын мекенчил уулу экендигин жана коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстанга чоң колдоо көрсөтүп келгендигин баса белгилешти. ИИМ журналистин сууга чөгүүсү боюнча иликтөө жүрүп жатканын, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз