Коом

Жаңы конуштардын тургундары турак-жайларын мыйзамдаштыруу талабын койду image Фото: http://static.akipress.org/

29 Март, 2016 759

Өлкө аймактарынын жана Бишкектин жаңы конуштарынын бир катар тургундары турак-жайларын мыйзамдаштыруу талабын коюшууда.  Ал эми өкмөт алардын көйгөйүн чечүү үчүн тиешелүү мыйзам даярдалганын кабарлады. Маселе эми Жогорку Кеңеште каралышы керек.

Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандардын арасында 20 жылдан ашуун убакыттан бери турак-жайын мыйзамдаштыра албай келген жарандар бар. “Транфармация” кыймылынын жетекчиси Бекназар Айталиев мамлекеттин камкордугунан четтеп калган калктуу конуштардын көйгөйүнө бийлик көңүл бурушу керек экенин белгилейт.

Айрыкча борбор калаанын жаңы конуштарында айыл-чарба категориясынан чыга элек тилкелерге үй куруп алган жарандарды “жер басып алуучулар” деген ат ээрчип келет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков алар өздөрүнө таандык жерлерди коргош үчүн ушундай кадамдарга барган деген пикирде.

Аткаруу бийлиги бул маселеге көңүл бөлүп, көйгөй жакынкы убакытта жөнгө салынаарына ишендирет. Буга чейин түзүлгөн мекемелер аралык комиссия өз корутундусун  чыгарган. Өкмөттүк аппараттын Агроөнөржай комплекси бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Далбаев тиешелүү токтом кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүп жатканын кабарлады.

Парламенттин да бул маселеде позициясы белгилүү. Болгону айрым жагдайларды эске алуу керек. Алар жаңы мыйзамда камтылууга тийиш экенин белгилейт Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров.

Маалыматтарга караганда жалпы өлкө боюнча 38 миңдей жарандардын турак-жайлары мыйзамдаштырууга муктаж. Жаңы мыйзам кабыл алынса айыл-чарба жерлерине үй салууга мораторий киргизилген 2009-жылга чейинки курулган турак-жайлар мыйзамдашат. Ал эми андан кийинкилерди өзүнчө кароо керек экени белгиленди.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз