Society

Чек арадан мобилдик телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон төлөм алуу каралууда image Фото: www

24 Июль, 2018 849

Кыргызстанда чет жактан ташылып келүүчү мобилдик телефондордун ар бирине чек арадан 100 сомдон төлөм алуу каралууда. Мындай чара Жогорку Кеңеш 2013-жылы кабыл алган чечимди ишке ашыруу максатында көрүлгөнү жатат, учурда демилге коомдук талкууда. 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетти акчаны катардагы абоненттер эмес, телефондорду Кыргызстанда сатуу үчүн ташып келип жаткан компаниялар төлөйт деп ишендирүүдө. Ал эми телефонду жеке колдонуусу үчүн чет мамлекеттен сатып алып келаткандар, аппаратын он-лайн каттоо аркылуу өткөрүп алса жетиштүү болот. Мындай кадам контрабандага мүмкүнчүлүк берилбеш үчүн гана жасалууда.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз