Society

Сууда кырсыктагандардын санын азайтуу үчүн эмне иштер аткарылышы керек? image Фото: www

25 Июль, 2018 1529

Суудагы коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы курорттук мезгилдин башталышы менен суудагы кырсыктардын саны өскөнүн, буга мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу, пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлеринин эс алуучулардын коопсуздугунакарата шалаакы мамилеси себеп экендигин айтты. 

Өлкө аймагында быйыл эле 80 ге жакын адам сууга чөккөндүгү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында да айтылды. Анда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин окуясы, куткаруучулардын шалаакылыгы да айтылды. Эми тийиштүү мамлекеттик органдар кырдаалды өзгөртүүгө кандай аракет жасоодо? Сууда кырсыктагандардын санын азайтуу үчүн эмне иштер аткарылышы керек?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз