Коом

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барды image Фото: Султан Досалиев

26 Июль, 2018 1051

Чүй облусунда бир гана дыйканчылык эмес, өнөр жай өндүрүшү, инфраструктура өнүккөн. Коңшу мамлекеттердин базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү башка аймактарга салыштырмалуу жеңил. Андыктан Чүй дубаны - региондук өнүгүүнүн лидери болушу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков облуска болгон жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурунда билдирди. Өлкө башчысынын аймактарга болгон жумушчу сапары уланып, бүгүн Москва жана Жайыл райондоруна барып келди.

Торго топ салып, футбол ойноп, күрөшкө катышуу айыл жаштарынын кыялындагы нерсе болчу. Максаттар ишке ашып, эми аларда спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттар бар. Заңгыраган спорт комплекс Чүй боорундагы Жайыл районунун Бекитай айылына курулду.

Айыл жаштарынын арасынан спортко катышкандары буга чейин Кара-Балтага каттачу. Аралык 10 чакырым. Мектепте болсо дене тарбия сабактары жайкысын гана тыңгылыктуу өтчү. Ошондо дагы эшикте. Айыл жаштары эми тынымсыз машыгуу болорун айып жатышат.

Спорт комплексте спорттун бир канча түрү менен машыкса болот. Спорт комплекстин курулушу былтыр башталган. Ага жалпы 15 млн сом сарпталып, негизгиси сапатка көңүл бурулду.

Аймактарды өнүктүрүү жылында негизи эле социалдык мекемелердин курулушуна көп көңүл бурулууда. 2018-жылы бул багытка 3млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн, учурда 233 мекеменин курулушу жүрүүдө.

Спорт комплекстин ачылуу аземи президенттин катышуусунда өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү да катышты. Өлкө башчысы имараттын ичин көрүп чыгып, эми башкы милдет спортту өнүктүрүү экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда эң ириде аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын, бул максатта атайын жарлык чыкканын да эске салды.

Кыргызстан кезинде агрардык өлкө саналып, ички дүң өнүмдүн басымдуу бөлүгүн айыл чарба тармагы түзчү. Эгемендиктен кийин жер иштетүү азайып, гектарлаган аянттар такырга айланды. Андыктан дыйканчылыкты өнүктүрүү башкы багыттардын бири болууда.

Чүй облусунда бир гана дыйканчылык эмес, өнөр жай өндүрүшү, инфраструктура өнүккөн, коңшу мамлекеттердин базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү башка аймактарга салыштырмалуу жеңил. Андыктан Чүй дубаны- региондук өнүгүүнүн лидери болушу керек деди президент.

Өлкө башчынын айтымында, азыр кайра жаралууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып турган учур. Чүй дүйнө эли суктанган, дүйнө эли келип көрүүгө умтулган регион болооруна үмүт чоң экенин билдирди.

Өлкө башчысы жергиликтүү тургундарды жаңы спорт залдын ачылышы менен куттуктап, келечекте айылдан атагы алыска кеткен спортчулар чыгарына ишеним артарын белгиледи.

Бул болсо Москва районунда жайгашкан ири логистикалык борбор. Негизги ишмердиги төө буурчакты, кызыл жасмык жана нокотту сорттоп, ченеп жана таңгактап экспортко чыгаруу. Борбор атайын заманбап техникалар менен жабдылууда. Ал ишке кирсе 70ке жакын адам жумуш менен камсыз болуп, жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 8 миң тоннага чейин жетмекчи.

Президент Сооронбай Жээнбеков, ишкананын пландары жана иши менен таанышып чыгып, ЕАЭБдин чоң рыногуна айыл чарба азык-түлүктөрүн алып чыгууда Кыргызстандын зор мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи. Башкы милдет - инфраструктураны дүйнөлүк жана ЕАЭБ стандарттарына ылайык өркүндөтүү.

Логистикалык борбордун курулушуна жана жабдууларды сатып алууга 200 млн сомго жакын акча каражаты сарпталды. Ишкананы сентябрь айынын аягында ишке киргизүү пландалууда.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бишкек-Ош автожолунун Бишкек-Кара-Балта тилкесинин 15-чакырымындагы курулуш иштери менен таанышты. Реконструкциянын жүрүшү тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов маалымат беришти. Жол Азия Өнүктүрүү Банкынын каражатынын эсебинен курулуп, 2020-жылдын аягына бүтүрүү пландалууда.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз