Саясат

“Бекназаровдук” чагым күч алдыбы? image Фото: akiwww.gezitter.org

30 Март, 2016 1206

Кыргыз  Өкмөтү  Үңкүр-Тоо  боюнча өкмөттүн жасалма протоколунун таратылышын абсурд жана кезектеги “бекназаровдук” чагым деп атады.   Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү   премьер-министр Темир Сариев   Үңкүр-Тоону башка өлкөгө   берүү тууралуу   эч кандай  токтомго  кол койбогондугун  дагы бир жолу эске салат.  

Ал арада  бул маселе боюнча митинг уюштуруучулар Өкмөт башчынын кабылдамасында болуп,  чек ара, талаш жерлер боюнча бир топ  ынанымдуу  маалыматтарды алып,  бул багыттагы чагымчыл  иштердин орун алып жаткандыгына көздөрү жетти.

Социалдык тармактарда,  Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоону  Өзбекстанга таандык экендигин Кыргыз Өкмөту тааныды деген билдирүүлөр жарыяланууда.

Мындан кийин баш калаадагы Жогорку Кеңештин алдында  активисттер чогулуп   дал ушул  Үңкүр-Тоонун   башка өлкөгө өтүп кетишине каршылыктарын билдиришип, бул боюнча  маалымат берүүнү  талап кылышкан.  Ушул эле маселеде   Аксы коомунун 5 мүчөсүнөн турган өкүлү  Өкмөт башчынын кабыл алуусунда болду.  Чек ара, талаш жерлер  боюнча так маалымат берилгенден кийин   активисттер  митинг менен чечилбей турган маселе экендигине ынанышты.  Асан Турсункуловдун айтуусунда,  бул көйгөйлөр сүйлөшүү жолу менен чечилет.

Үңкүр Тоо боюнча  талаш-тартыш маселе болуп жаткандыгы тууралуу  түшүнүксүз  билдирүүлөрдөн  кийин  ал тууралуу так жана туура маалыматтар  менен кабардар болгондугун  Аксы коомунун  төрагасы Малабек Токтоболотов айтты.

 Интернет түйүндөрүндөгү  билдирүүлөр,  Бекназаров ойлоп чыгарган жалган маалымат экендигин Өкмөттүн аппараты  айтууда. Мындай  чындыкка  коошпогон , абсурд маалыматтын таратылышы,  азыркы учурда айрым адамдардын чек аралар боюнча аяр маселени колдонуу менен саясий  упай  топтоого болгон ачыктан-ачык чагымы катары бааланууда.

Буга чейин аталган аймакты Өзбекстанга  таандык деген токтомго премьер-министр кол койбогондугун   өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова  тастыктаган болучу.

Өкмөт башчы Темир Сариев Аксы районуна иш сапарынын жүрүшүндө  башка өлкөгө  кыргыз жеринин  кенедей  да жери берилбейт деп айтканы бар. 

Буга чейин расмий маалымдалгандай, Өкмөт Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу максатында Үңкүр-Тоодогу "Кербен" телемунарасы  менен бирге иштей турган жаңы станция курууну пландаштырып жатат. Талдоочулар,  өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүдө өтө кылдат, жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынарын эске салышат. 

Г.Усенова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз