Илим жана билим

Сингапурда айдоочусуз таксилер кызмат кылат image Фото: htstatic.imgsmail.ru

30 Март, 2016 1135

Балдар бутуна кийип алып ойногон роликтер эми электр тогу менен жүрө баштайт. Польшалык ойлоп табуучу Жек Скопински аны 360 ваттык кыймылдаткыч  менен иштегендей кылып иштеп чыкты. Ал чөптө, баткакта дагы саатына  15 чакырым ылдамдыкта жүрө алат.  Анын кыймылдаткычы электр тогу менен кубатталып 20 чакырым аралыкты багынта алат.  

Ойлоп табууну зым менен туташкан жабдык менен башкарууга болот. Ролик адаттагыдай дөңгөлөк менен жүрөт, бирок анын сыртына биз көрүп жүргөн каз тамандуу тракторго окшогон атайын дөңгөлөктөр тагылган. Мындай жасалга  татаал  жолдордо жүрүүдө кыйынчылык жаратпайт. Андан сырткары ал жабдык узак жол жүрүүгө ыңгайлуу себеби салмагы 5 эле кг. Анын баштапкы баасы 1,5 миң долларга бааланууда. Ошондой эле  ойлоп табуучу атайын асфальт жолдорго дагы ылайыктап жаңы үлгүлөрүн иштеп чыгарын кошумчалайт.

Япониялык 29-жаштагы Куниако Сайто жаңы иштеп чыккан жабдыгы көпчүлүктү кубандырууда. Скейтбордун кызматтын аткарган кичине болгон жабдыктын  көлөмү планшеттей болуп, 3 киллограмм салмакта. Ал 120 киллограмга  жакын адамды көтөрө алат. Анда эч бир мобилдик тиркеме же электр тогу менен кубаттап алууну талап кылбайт. Өзгөчөлүгү буга чейин колдонуп келген скейтбордорго салыштырмалуу кичинекей жана ыңгайлуу. Жөн гана адам аны тепкенди үйрөнүп алуу керек. 

Сингапурда айдоочусуз таксилерди сыноо ишинин алгачкы этабы жыйынтыкталды. Анын Массачусет технологиялык институтунун адистери өткөрүшкөн. Эми алдыда авто унааны ийгиликтүү жана коопсуз кылуу үчүн мындай бир катар текшерүүлөр өткөрүлөт. Аталган долбоор ийгиликтүү аяктаса келечекте мындай авто унааларды көп санда чыгаруу мерчемделүүдө. Анткени муну иштеп чыккан адистер 300 миңге жакын айдоочусуз таксилер, жөнөкөй 700 миңден ашык таксилерди алмаштыра алат дешүүдө. Аны менен бирге жүргүнчүлөргө арзан кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот. Себеби айдоочуну жумушка алып, алардын маселеси жоюлат. Учурда аталган сыноолор Сингапурдан сырткары  Сеулда дагы өткөрүлүүдө. 

Компьютерлер эми адам оозунун кыймылы менен  эмне жөнүндө сүйлөп жаткандыгын аныктайт. Ист-Англия университетинин окумуштуулары атайын система иштеп чыгышууда. Видеокамера адам баарлашуусун тартып алып, эмне сүйлөгөндүгүн чечмелейт. Учурда аталган  программа адам баарлашуусун 20 пайызын гана чечмелеп жатат. Бирок ошого карабай изилдөөчүлөр муну дагы мыкты жетишкендик экендигин белгилешүүдө.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз