Society

Талас облусунда жолдор асфальтталууда image Фото: www

31 Июль, 2018 599

Талас облусундагы Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын ортосундагы 1 чакырымдан ашык жол асфальтталып бүттү. Ортодогу дагы 1 чакырымдай аралыкка асфальт төшөө мерчемделген. Бул тууралуу облустук Жол тейлөө башкармалыгынан билдиришти. Алынган маалыматка караганда, 2018-жылы 5 чакырым жолду асфальттоо планда турса, буга кошумча аймакты өнүктүрүү жылына карата дагы 10 чакырымдан ашык жол жаңыланат. 

Белгилей кетсек, 2017-жылы Талас облусунда жалпы 56 чакырым жол жаңыланган. Анын 30 чакырымы Суусамыр - Талас - Тараз жолунун 3-фазасындагы курулушу менен бүткөрүлгөн. Быйыл капиталдык салымдардын эсеби менен дагы 3 чакырымдан ашык жол оңдолмокчу. Ал эми келерки жылга карата дагы 20 чакырым жол аралыгын оңдоо күтүлүүдө. Суусамыр - Талас - Тараз жолунун дагы 94 чакырымы жана башка ондоого муктаж айылдар аралык жолдор такталууда.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз