Укук коргоо

Акыйкатчы Зумрад Жанабаеванын камалышын айыптады image Фото: http://www.kenesh.kg/

30 Март, 2016 989

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин камалышын айыптады. Ал Биринчи май райондук соту Зумрад Жанабаеванын баш коргоо чарасына байланыштуу катаал чечим кабыл алды деп эсептейт. Башкы укук коргоочу кылмыш ишти Жол кайгуул кызматына тиешеси жок орган иликтеп жатканын эске салып, ошондой эле Бирикен Улуттар Уюмунун эрежелеринде убактылуу камакка алуу шектүү тарабынан коомго коркунуч жаралып жаткан учурда гана ишке ашырыларын, мындай“аргасыз чарага” негиз жок болчу деген жүйөөсүн келтирди. Бишкектин башкы жол кайгуулчусуна “кызмат абалын кыянат пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук”беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал мас абалында жол кырсыгына себепкер кызматкерди мурдагы дата менен иштен бошоткон деп шектелүүдө. Сот Жанабаеваны 17-апрелге чейин абакка калтырган. Бирок, жүрөгү ооруганына байланыштуу ооруканага жаткырылганы кабарланган болчу. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз