Society

Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тилден сынак тапшырды image Фото: www

31 Июль, 2018 684

Ал арада Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Сынак жазуу сабаты, мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, көркөм окуу боюнча өттү. 

Талапкер өзүнүн шаарды өнүктүрүү программасын жазып, окуп берди. Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндүнү көркөм окуду. Жыйынтыгында сынакты өткөргөн комиссия бир добуштан Азиз Суракматовду "мамлекеттик тилди билет" деген бүтүм чыгарды. 

Эске салсак, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жаңы калаа башчысын тандайт.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз