Дүйнө жаңылыктары

Египеттик учакты барымтага алган адам терракт уюштурууну көздөгөн эмес image Фото: http://cs631829.vk.me/

30 Март, 2016 1010

Египеттик учакты барымтага алган адам терракт уюштурууну көздөгөн эмес. Бул тууралуу Кипрдин президенти Никос Анастасиадис билдирди. Сейф ад-Дин Мустафа мурдагы аялы жашаган Кипрден баш паанек берүүнү сураган. Айрым маалымат булактары барымтачы Египеттин абагында жаткандарды бошотуу талабын койгонун жазып чыгышкан эле. Александрия шаарынан Каирге сапар тартып бараткан “Египет Эйр”компаниясына таандык учакты Кипрдин аэропортуна мажбурлап кондурган Сейф ад-Дин Мустафа бардык 81 жүргүнчүнү бир нече сааттан кийин бошоткон. Ал колго түшкөндөн кийин жанынан жардыруучу зат табылган эмес. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз