Коррупция

Максат Чакиевди 3 жарым жылга эркинен ажыратылды image Фото: zanoza.kg

30 Март, 2016 1344

Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиевди 3 жарым жылга эркинен ажыратты. Январь айында Биринчи май райондук соту аны 6 жылга кесип, бирок айыпталуучу тарап шаардык инстанцияга доо арыз менен кайрылган. Чакиев чет элдик жаранга күбөлүк берүүдө мыйзам бузган деп шектелген. Ал аталган ишти жабыш үчүн былтыр май айында милиция кызматкерлерине пара берип жаткан учурда кармалганы кабарланган болчу. Бирок өзүнө коюлган мындай айыптарды четке кагып келет. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз