Аймактык жаңылыктар

Ысык Көл облусуна жаңы жетекчи дайындалды image Фото: www

2 Авг, 2018 2429

Ысык Көл облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-августа кол койду. 

Облус башчылыгына буга чейин Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген Акылбек Осмоналиев келди. Бүгүн 2-августа жаңы өкүлдү облус активине өкмөттүн аппаратынын башчысы Мурат Муканбетов тааныштырды. 

Буга чейин Таласта эл менен жолукканда Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлерди ротация кылууну убада кылган. Ага ылайык  Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна которулган эле. Эми жаңы жетекчинин Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө кандай жаңы иш-пландары, долбоорлору бар?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бакыт кызы Айсулуу, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз