Society

Ош шаарынын айрым аймагында таза суу токтотулду image

13 Авг, 2018 651

Бүгүн, 13-августта саат 05:00дѳн тарта Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Мэриянын маалыматы боюнча, Папан айылындагы селден кийин Папан суу сактагычындагы суу ылайланып калган.

Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлыгы нормадан жогору болуп, Түштүк Чыгыш, ХБК кичи райондору жана Калинин, Достук массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү токтотулган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз