Туризм

Кыргызстанды туристтик өлкө катары дүйнөгө таанылууга тийиш image Фото: http://2.bp.blogspot.com/

30 Март, 2016 1351

Кыргызстанды туристтик өлкө катары дүйнөгө таанытуу үчүн тарыхый окуяларды камтыган  жерлерди изилдөө иштерин улантуу керек. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүүгө арналган жыйында айтылды. Эске салсак, 2020-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, анын бет ачары Бишкекте өттү. Анда кыска убакыт аралыгында жасалчу иштер белгиленип, Кыргызстанга келе турган туристердин санын көбөйтүү жагы каралган.

Ааламдашуу шартында ар бир мамлекет жана коом үчүн салт-санаа, үрп-адатты, улуттук баалуулуктарды сактоонун мааниси арта баштады. Дал ушундай өз тарыхы жана жашоо мүнөзү менен ар бир мамлекет, анын ичинде  Кыргызстан дагы кызыктуу өлкө. Ошондуктан, дүйнө жүзүнөн абдан көп адамдар биздин өлкөнүн кайталангыс табияты, айрыкча көлдөрү менен асман тиреген тоолору, далай тарыхты камтыган жерлери менен таанышуу үчүн агылып келишет. Туристтерди тартууда  эң башкысы туруктуулук менен аларды тосуудагы маданияттуулук турарын белгилеген өкмөт башчы Темир Сариев, өлкөгө келген ар бир туристи -  сыйлуу мейман катары кабыл алуу керектигин белгиледи.

 Эл аралык туризмдин  өлкөдөгү жалпы кирешеге кошкон салымы өзгөчө экенин айткан Темир Сариев,  Ысык-Көл облусу  спортчуларды даярдоодо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу жерге айланарына токтолду. Мындан сырткары премьер  өз сөзүндө өлкөнүн "Кыргызстан-асман тиреген тоолор өлкөсү" деген бренди бар экенин жана биздин өлкө  66 мамлекеттин жарандарына визасыз өтүү режимин киргизгенин эске салды.

Жыйында 2020-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасы иштелип чыкканы айтылып,Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов маалымат берди. Анда тогуз багыт боюнча иштер камтылып, Кыргызстанда туристтердин келишин жыл сайын 7 пайызга  көбөйтүү жагы каралган.

Кыргызстан негизи түркүн кооз жерлери толтура таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турган Ысык-Көл, жаңгак мөмөлүү Арсланбаб  токою. Байыркы касиеттүү Сулайман-Тоо. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы Жети-Өгүз. Бурана, Таш-Рабат сыяктуу  уникалдуу архитектуралык эстеликтер менен Сары-Челек, Соң-Көл сыяктуу кооз тоо көлдөрү дагы бар.

 М.Абдраманова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз