Бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйыны болот image

13 Авг, 2018 2635

Бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйыны болот. Жыйын Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Анда 2018-2040-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралат. 

Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын долбоору талкууланат. Улуттук кеңештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири курамда катышат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз