Укук коргоо

Кыргызстанда укуктук жапа чеккендер үчүн атайын акы корун түзүү сунушталды image Фото: www

17 Авг, 2018 4782

Мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги коомдук талкууга койду. Документ жапа чеккендерге акы төлөп берүүдө укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт. 

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жабыр тарткан адамга келтирилген зыяндын орду толтурулушу керек. Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, эгер айыпталуучу жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтиргенден кийин кенемте төлөнбөсө, мамлекет атайын фонд ачат. Алдын ала пландар боюнча, бул фонд республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Финасы министрлигинде түзүлөт. 

Материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тартиби соттун чечими менен аныкталат. Кенемтени зомбулук кылмыштарынан жабыр тарткандарга гана төлөп берүү жагы сунушталды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз