Society

М.Ботбаевдин ысымы Жалал-Абад шаарынын көчөсүнө ыйгарылышы мүмкүн image

31 Март, 2016 370

Бүгүн “Биринчи Радионун” “Күндүн темасы” программасына кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Эгембердиева Жумагүл Шариповна катышты. Өкмөттүн өкүлү түз эфирде эл менен баарлашып, алардын көйгөйлүү суроолоруна жооп берди. Негизинен угармандар чек ара аймактарында жашаган элдин социалдык маселелерин чечүү, таза суу менен камсыздоо, жол курулуштары, соода түйүндөрүн иретке келтирүү багытында суроолор менен кайрылышты. 

Жумагүл Эгембердиева бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринен болгон айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып өткөрүү, кайра иштетүү багытында областа жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Түз эфир учурунда 1927-жылдары Жалал-Абад аймагын башкарып, советтик түзүлүштүн бекемдешине салымын кошуп, кийин репрессияга туш болгон Махмут Ботбаевдин кызы профессор Ботбаева Мира Махмутовна байланышка чыгып, өкмөт өкүлүнө ийгилик каалоо менен, атасы М.Ботбаевдин ысымын Жалал-Абад шаарынын көчөсүнө ыйгаруу тууралуу шаар кеңештин чечими ишке ашпай жаткандыгын айтып өттү. Ж.Эгембердиева бул маселе тарых жана маданият жылында көз жаздымда калбай тургандыгын белгиледи.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз