Sports

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эки миңден ашык спортчунун келиши күтүлүүдө image

21 Авг, 2018 632

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын саны боюнча Кыргызстан алдыда турат. Алдын ала алынган маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстандан 458 спортчу катышат. 

Кийинки орундарда 235 спортчусу менен Орусия жана 195 спортчусу менен Казакстан турат. Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан маалымдагандай, оюндарга дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн эки миңден ашык спортчунун келиши күтүлүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз