Н.Шерипов А.Атакуловду 502 миң сом бересиң деп коркутканбы? image Фото: http://static.ca-news.org/

31 Март, 2016 360

22-мартта пара менен кармалган Каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Аскат Атакуловду 502 миң сомду бересиң деп коркуткан. Бул тууралуу Шерипов тууралуу УКМКга арызданган Атакуловдун энеси Гүлүмкан Андашева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, “Шериповдун жактоочулары жана туугандары айткандары калп, биз Атакуловдор эч кандай карызыбыз жок” - дейт Андашева.

Ал эми 25-мартта Нурлан Шериповдун жактоочулары жана туугандары маалымат жыйын өткөргөн. Анда статс-катчынын адвокаты Жыргалбек Бабаев бул иштин үстүндө жүргүзүлгөн мониторинг кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамсыз экенин көрсөткөн деп билдирет. “Шериповду күнөөлөп жаткан Атакулов экөөнүн ортосундагы талаш жарандык-укуктук мамиле болгон. Шерипов өкүл баласынын бир тууганы Аскат Атакуловго 6 жылкыны бактырып, жыл сайын малдын тоютуна каражат берип турган. Шерипов малын көргүсү келгенде, туушканы бардыгын сатып салганы белгилүү болгон. Ал эми акчаны болсо өз керектөөсүнө жумшап салган.Шерипов каражатты кайтарып берүүнү талап кыла баштаганда, Атакулов УКМКга арыз жазып салган – дейт жактоочу.

Жыргалбек Бабаев: Бул иштин үстүндө жүргүзүлгөн мониторинг кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамсыз экенин көрсөттү. Шериповду күнөөлөп жаткан Атакулов экөөнүн ортосундагы талаш жарандык-укуктук мамиле болгон. Тууган-туушкандык мамилеси бар экенин тастыктаган видео, сүрөттөр да бар. Атакулов өзү дагы Шериповдун жылкыларын баккандыгын жана карызын кайтарып берүүгө сөз бергенин моюндаган. Көрсөтүлгөн материалдар боюнча статс-катчыны 170, 353-беренелер боюнча айыптоого эч кандай негиз жок.

Эске салсак, 22-мартта УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 100 миң сом пара алып жаткан жеринен мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов кармалган. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Шериповго карата чара көрүү өтүнүчү менен жаран арыз жазып кайрылган. Анда Шерипов мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери мененс үйлөшүп алып, карыз акча үчүн болжол менен 7 миң долларга бааланган Мерседес Бенц үлгүсүндөгү эки унааны жана арыз жазган адамдын паспортун тартып алган. Ошондой эле, ал арыз жазган адамдан 550 миң сом өлчөмүндө каражат талап кылган.

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз