Экономика

2015-жылы 10 миңдей чакан жана орто ишкана ишмердүүлүгүн жүргүздү image

31 Март, 2016 373

2015-жылы өлкөдө 10,5 миң чакан жана орто ишкана ишмердүүлүгүн жүргүздү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саатта премьер-министр Темир Сариев билдирди.  Анын айтуусунда, жеке ишкерлик менен алектенгендердин саны 300 миңден ашты. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көбөйгөн.  

Эске салсак,  учурда  Жогорку Кеңеште   “КР Өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу жана коргоо, товар өндүрүү жана тышкы рынокко чыгаруу боюнча саясаты” темасында “Өкмөттүк күн” өтүп жатат.  Депутаттар өкмөт башчынын докладын угууда. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз