ЕАЭБтин аймагында жарандардын эркин жүрүүсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу маселеси каралат image Фото: http://erkintoo.kg/

31 Март, 2016 880

Евразиялык жогорку экономикалык кеңеш ушул жылдын аягына чейин макулдашылган  транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары жана этаптарын кабыл алат. Бул тууралуу  Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү, министр Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, транспорттук саясат боюнча кеңешке Кыргызстандын бере турган сунуштары арбын.

Данил Ибраев, бул жолу кеңештин жыйынында негизги беш багыттагы маселеге басым жасалып жатканын кошумчалады. Эң башкы максат биримдик алкагында жарандардын эркин жүрүүсүнө болгон ар кандай тоскоолдуктар жоюу болууда.

Эске салсак, Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга атайын беш өлкөнүн транспорттук органдарынын өкүлдөрү келишкен.

М.Абдраманова,  Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз