Саясат

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат image Фото: www

22 Авг, 2018 3404

Эртең, 23-августта Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик  расмий сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат. Андан тышкары бир катар документтерге да кол коюлары күтүлүүдө. 


Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз