Саясат

Үңкүр-Тоо Өзбекстандыкы деп тааныган протокол өкмөт тарабынан чыгарылган эмес image Фото: www.likado.ru

31 Март, 2016 370

Үңкүр-Тоо Өзбекстандыкы деп тааныган протокол өкмөт тарабынан чыгарылган эмес. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Эл өкүлдөрү кабарлагандай кечээ өткөн жабык жыйында аталган документ үчүнчү күчтөр тарабынан атайылап даярдалышы мүмкүн экендиги белгиленди. Өкмөттүн протоколу деп интернетте тараган документте “Өзбекстандын аймагында жайгашкан “Кербен-24” телерадио мунарасын башка жака көчүрүү үчүн жер караштыруу” деген пункт камтылган. Кербен шаардык кеңешинин депутаттары мунара орун алган Үңкүр-Тоо качантан бери Өзбекстанга таандык экенин тактап берүүнү талап кылышкан. Аткаруу бийлиги Аксы районунун тургундарын кабыл алып, өкмөткө каршы чагым уюштурулуп жатканын билдирген эле. Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде да маселе каралып, башкы прокуратурага талаштуу протоколду иликтөөнү тапшырган.

Калыгул Асамбаев "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз