Коргонуу жана коопсуздук

Колунан ажыраган жоокер кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн командири иштен алынды image

23 Авг, 2018 4404

Токко урунуп, оң колунан ажыраган жоокер кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн командири иштен алынды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлеринин жоокери 19-августта трансформатордон токко урунуп, анын оң колун чыканагына чейин ампутацияланган. Маалыматта айтылгандай, кырсык болгондон кийин Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев жерине барып, аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышкан. 

Ал офицерлер менен баарлашкан учурда ар бир жоокердин ден соолугу менен өмүрү коопсуз болушу керектигин баса белгилеген. Жыйынтыгында аскер бөлүгүнүн командири иштен алынып, жетекчилик курамдагы кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Кызматтык иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз