World Nomad Games

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдөн канча каражат түштү? image Фото: www

23 Авг, 2018 3114

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан 155 миллион сомдон ашык каражат чогултулду. Мындан сырткары бир топ мекемелер иш-чараны өткөрүүдө өз көмөктөрүн берүүдө. Түрк аба жолдору авиа компаниясы чет өлкөдөн келе турган спорт чеберлерин акысыз алып келип, кайра өз өлкөсүнө жеткире турган болду. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Байге фонду 28 миллион сомду түзөөрү айтылууда. Анын ичинде Улуу көчмөндөр балбаны боюнча биринчи орунду алгандарга 1 миллион сом коюлган. Мындан сырткары маданий таймаштарга 4,5 миллион сом бөлүнүп, калыстар тобу компьютердин негизинде тандалып алынган.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлнура Сманбекова, "Биринчи радио"                                                             


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз