Баш калаада илдетке чалдыккан дарактар кыйылат image Фото: http://sputnik.kg/

31 Март, 2016 1071

Жашылдандыруу муниципалдык ишканасына  кыска  мөөнөттө  куураган жана илдетке чалдыккан бак-дарактарды жок кылуу, инвентаризация   жүргүзүү тапшырмасы  берилди. Тапшырманы  31-мартта Бишкек шаардык  кеңешинин  депутаттары  беришти. Эл өкүлдөрү мэриянын тиешелүү  кызматтарына  буга  чейин  эле адам өмүрүнө жана айлана  чөйрөгө коркунуч келтирген бак-дарактарды жок кылуу боюнча берилген  сунуштар, тапшырмалардын аткарылбагандыгын айтышып, жергиликтүү бийлик  өкүлдөрүн  сынга  алышкандыгын депутат  Адиса  Имангазиева  “Биринчи радиого”  билдирди.  Жашылдандыруу  муниципалдык   ишканасынын кызматкерлери  эки жуманын аралыгында   кооптуу дарактар  изилденип  бүтөрүн  айтышууда.

Шаардык кеңештин депутаты  Адиса  Имангазиева  кошумчалагандай, шаар бийлигине депутаттар буга чейин эле  адам өмүрүнө жана айлана чөйрөгө  коркунуч келтирген  бак-дарактарды  кыюу боюнча  тапшырма берилгени менен  ушул күнгө чейин  аткарылбай  келген. Экологдор  баш калаада куураган  жана илдетке чалдыккан  дарактарга  санитардык кыюулар  жүргүзүлүп келгендигин  айтышат. Курчап турган чөйрөну  коргоо жана токой  чарба мамлекеттик агенттигинин  Чүй-Бишкек  аймактык  айлана чөйрөнү  коргоо башкармалыгынын  башчысы  Эмил  Умаралиевдин айтуусунда, бирок  дарактардын кыйылган  жерине  ооруга каршы  дарылоо жумуштарынын жүргүзүлбөшүнүн натыйжасы  шаарда  жашылдуулуктун санынын азайып баратышын  шарттап келүүдө.

Бишкек шаарында  бак-дарактарга  инвентаризация  жүргүзүлөт. Бул иштерди жүзөгө  ашырууга  эки  жума керектелерин  Биринчи май райондук   жашылдандыруу  муниципалдык  башкармалыгынын  башкы  агроному Жаныбек  Жумалиев  айтты. Кыйылган дарактардын ордуна  көчөттөр отургузулуп, сугаруу жумуштарына скважиналарда  суу  жетиштүү  экендигин жана  азыркы тапта  шаар тургундары тарабынан  өтүнмөлөр түшүп жаткандыгын  кошумчалады.

Белгилей  кетсек,  27-мартта Бишкекте бак кулап, токтоп турган бир унааны жана жолдо жүрүп бараткан унааны басып калган.  Анын айдоочусу ошол жерден  каза болгон. Бул боюнча  калаа башчысы  Албек Ибраимов ички кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткандыгын 29-мартта мэриянын жыйынында билдиргендигин кошумчалай кетели.

Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз