Society

Бүркүт, ителги сыяктуу алгыр куштарга идентификациялык карта бериле баштайт image Фото: www

30 Авг, 2018 729

Кыргызстанда бүркүт, ителги сыяктуу колдо багылган алгыр куштарга идентификациялык карта берилет. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, документтер өлкөдө жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн жарыштарга, көргөзмөлөргө катыштыруу жана жана аңчылыкка чыгуу үчүн пайдаланылат. Канаттууларга документ жана микрочип жасоо үчүн жакында тендер жарыяланат. 

Бул чечим өкмөттүн 4-июндагы “Кыргызстандын аймагындагы жырткыч жана алгыр куштарды багуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде ишке ашып жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен маалымдагандай, Кыргызстанда 200дөй мүнүшкөр алгыр куш багат. Алардын ичинен 100 адам мамлекеттик агенттиктен “А” жана “Л” категориясындагы мергенчилик күбөлүгүн алышкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз