Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Илбирс- III Көчмөндөр оюнунун талисманы image

3 Сент, 2018 3093

Илбирс- өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Илбирс байыртадан кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар, жоокердин колдоочусу  катары  эсептелген. Илбирстин образы легендаларга жана жомокторго бай, ал сулуулукту, кайраттуулукту жана эркиндикти даңазалайт. Жаныбарларга, жаратылышка өзгөчө мамиле кылуу кыргыздардын көчмөн маданиятына мүнөздүү. Илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага белгилүү адабий чыгармалар, кинотасмалар да арналган.

Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарынын гербинде жана желегинде илбирс чагылдырылган. Дүйнөдө илбирстин саны 3 миңден 7 миңге чейин деп эсептелинип, Кызыл китепке киргизилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  маанидеги милдеттердин бири – бул сейрек жаныбардын экосистемасын сактоо. 

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образын - коюучу-сүрөтчү, режиссер-аниматор  Толукбек Койчуманов түзгөн.

Анын айтымында, Илбирсти талисман катары көрсөтүүнүн мааниси, аны сактоо маселеси менен байланышкан. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун конокторуна жана чакырылгандарга сый-урмат катары илбирстин келбетиндеги блек тартууланат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз