Кылмыш

Ленин райондук прокуратурасы 1 жыл 93 текшерүү ишин жүргүзгөн image Фото: www.likado.ru

1 Апр, 2016 945

2015 - жылдын  ичинде Ленин райондук прокуратурасы тарабынан баардыгы болуп көзөмөл ирээтинде 93 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул 2014- жылга караганда  37ге  аз. Бул туурасында “Биринчи радиого” Ленин райондук прокурорунун орун басары  Орозбек Жоомартов билдирди.

Мындан тышкары 16 прокурордук талап киргизилген. Анын ичинен  алтысы  мыйзамды бузууга жол бербестик жөнүндө эскертүү болсо,  бешине кылмыш иши козголгон.  Прокурордук чара көрүү жыйынтыгынын актылары боюнча  тартиптик жоопкерчиликке 69 адам тартылып, 2 жаран административдик  жоопкерчиликке тартылган. Келтирилген зыяндын ичинен  513 миң сом кунөөлүү жактардан өндүрүлүп алынган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз