Спорт

Бильярд боюнча дүйнө чемпионатында Мадаминов жарым финага чыкты image Фото: www.likado.ru

1 Апр, 2016 763

Мекендешибиз Азиз Мадаминов Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-мартта ¼ финалдык оюндар өткөн. Бул мелдеште Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов туш келип, 6:2 эсебинде бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Лепшаковду утуп алды. Ал эми финалга чыгуу үчүн Мадаминов бүгүн өзбекистандык спортчу Александр Сидоровго каршы оюн өткөрөт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз